«Эне тилге таазим!»
«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинде 2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгы белгиленди. Улуттук тил күнүнө карата арналган «Эне тилге таазим!» аттуу темадагы иш чара болуп өттү.
Максаты: Эне тилибиз аркылуу маданиятыбызды, кийим кечелерибизди, каада-салтыбызды ж.б. даңазалоо, жайылтуу. Эне тилибизди таза, ыйык, бийик тутуп, турмушта колдоно билүүгө, үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу.
Майрамдык салтанатты «БИК» мекемесинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын улук окутуучулары: Тагаева Гүлзат Аликовна, Абдылдаева Бегайым Орозакуновна, Абылкасымова Рита Тургуналиевна эжекелерибиз уюштурушту.
Иш чаранын жүрүшүндө: «Манас» эпосунан үзүндүлөр, «Эне тил» темасына байланыштуу көркөм ырлар, элдик ырлар, улуттук бийлер, улуттук музыкалык аспаптар «Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинин 1-2-курсунун таланттуу студенттери тарабынан аткарылды.
Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш чарабыз окутуучуларга, студенттерге жагымдуу маанай тартуулап, Ата Мекенчилдик сезимдерин ойготууга чоң өбөлгө болду.
«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинин администрация жана окутуучулар жамааты жалпыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт!!!
Даярдаган: кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынын улук
окутуучулар жамааты.