««Манас» - байыркы кыргыз рухунун туу чокусу»Ч.Айтматов«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинде 2023-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейин «Манас» эпосунун күнүнө карата жумалык болуп өттү. Жумалыктын ачылышына чейин 1-2-курстардын студенттерине «Манас» эпосу тууралуу сынактын тапшырмалары берилген. Алар төмөндөгүдөй: дубал гезит, видео слайд, мыкты манасчы сынактары.Жумалыктын ачылышында ар бир сабактардын жүрүшүндө студенттерге “Манас” эпосу тууралуу тандалган видео слайддар, кино тасмалар көрсөтүлүп талкууланды. Студенттер «Манас» эпосу тууралуу билимдерин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты жана абдан кызыгуу, сыймыктануу менен тапшырмаларды аткарышты.Кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын ага окутуучулары Тагаева Гүлзат Аликовна, Абдылдаева Бегайым Оразакуновна, Абылкасымова Рита Тургуналиевналар тарабынан уюштурушкан жумалык өз максатына жетти.Дүйнөдө көлөмү боюнча биринчи орунда турган “Манас” эпосубуз миңдеген кылымдар бою жашасын!Жалпы билим берүү секторунун башчысы: Тагаева Гүлзат Аликовна.
««Манас» - байыркы кыргыз рухунун туу чокусу»
Ч.Айтматов
«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинде 2023-жылдын 4-декабрынан 8-декабрына чейин «Манас» эпосунун күнүнө карата жумалык болуп өттү. Жумалыктын ачылышына чейин 1-2-курстардын студенттерине «Манас» эпосу тууралуу сынактын тапшырмалары берилген. Алар төмөндөгүдөй: дубал гезит, видео слайд, мыкты манасчы сынактары.
Жумалыктын ачылышында ар бир сабактардын жүрүшүндө студенттерге “Манас” эпосу тууралуу тандалган видео слайддар, кино тасмалар көрсөтүлүп талкууланды. Студенттер «Манас» эпосу тууралуу билимдерин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты жана абдан кызыгуу, сыймыктануу менен тапшырмаларды аткарышты.
Кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын ага окутуучулары Тагаева Гүлзат Аликовна, Абдылдаева Бегайым Оразакуновна, Абылкасымова Рита Тургуналиевналар тарабынан уюштурушкан жумалык өз максатына жетти.
Дүйнөдө көлөмү боюнча биринчи орунда турган “Манас” эпосубуз миңдеген кылымдар бою жашасын!
Жалпы билим берүү секторунун башчысы: Тагаева Гүлзат Аликовна.