«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинде 2023-жылдын 17-мартында Нооруз майрамына карата арналган «Куш келиңиз, Нооруз!» аттуу темада чоң масштабдагы иш чара болуп өттү.Майрамдык салтанатты «Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын улук окутуучулары: Тагаева Гүлзат Аликовна, Абдылдаева Бегайым Орозакуновна, Абылкасымова Рита Тургуналиевна, Казакбаева Жазгүл Жеңишбековна эжекелерибиз уюштурушту.«Манас» эпосунан үзүндүлөр, коллективдүү (хор), жеке ырлар, Акыйнек айтышуу ырлары, улуттук бийлер, улуттук музыкалык аспаптар жаңырды.Кыргыз элинин «Колго суу куюу», «Тушоо кесүү» каада-салттары көрсөтүлдү. «Кол күрөш» «Аркан тартыш» ж.б. улуттук оюндар ойнотулду. Кыргызстанда Нооруз майрамын майрамдаган кыргыз, казак, өзбек, түрк, тажик, татар, грузин элдеринин улуттук тамак-аштар көргөзмөсүнүн сынагы 1-2-3-курстар арасында болуп өттү.Жыйынтыгында улуттук оюндар таймашында уткан студенттер, улуттук тамак-аш көргөзмөсүнүн жеңүүчү тайпалары, «БИК» мекемесинин мүдүрү, философия илимдеринин доктору, доцент - Эркинбеков Кылыч Эркинбекович агайыбыздын атынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Нооруз майрамына жигердүү катышкан студенттер администрация тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.Майрамдык салтанат эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп, окутуучуларга, келген конокторго, студенттерге жагымдуу маанай, майрамдык шаттык-шаң тартуулады.Даярдаган: кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынын улук окутуучусу, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси - Тагаева Гүлзат Аликовна.
«Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинде 2023-жылдын 17-мартында Нооруз майрамына карата арналган «Куш келиңиз, Нооруз!» аттуу темада чоң масштабдагы иш чара болуп өттү.
Майрамдык салтанатты «Бишкек инновациялык колледжи» мекемесинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын улук окутуучулары: Тагаева Гүлзат Аликовна, Абдылдаева Бегайым Орозакуновна, Абылкасымова Рита Тургуналиевна, Казакбаева Жазгүл Жеңишбековна эжекелерибиз уюштурушту.
«Манас» эпосунан үзүндүлөр, коллективдүү (хор), жеке ырлар, Акыйнек айтышуу ырлары, улуттук бийлер, улуттук музыкалык аспаптар жаңырды.
Кыргыз элинин «Колго суу куюу», «Тушоо кесүү» каада-салттары көрсөтүлдү. «Кол күрөш» «Аркан тартыш» ж.б. улуттук оюндар ойнотулду.
Кыргызстанда Нооруз майрамын майрамдаган кыргыз, казак, өзбек, түрк, тажик, татар, грузин элдеринин улуттук тамак-аштар көргөзмөсүнүн сынагы 1-2-3-курстар арасында болуп өттү.
Жыйынтыгында улуттук оюндар таймашында уткан студенттер, улуттук тамак-аш көргөзмөсүнүн жеңүүчү тайпалары, «БИК» мекемесинин мүдүрү, философия илимдеринин доктору, доцент - Эркинбеков Кылыч Эркинбекович агайыбыздын атынан акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Нооруз майрамына жигердүү катышкан студенттер администрация тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Майрамдык салтанат эң жогорку деңгээлде өткөрүлүп, окутуучуларга, келген конокторго, студенттерге жагымдуу маанай, майрамдык шаттык-шаң тартуулады.
Даярдаган: кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынын улук окутуучусу, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси - Тагаева Гүлзат Аликовна.